Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган укук коргоочу Рита Карасартова 20-июнга чейин абакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 19-апрелде Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка ылайык, ага “Массалык баш аламандык” беренеси менен айып тагылган. Карасартова былтыр, 2022-жылдын октябрь айында камакка алынган.
Эске салсак, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын арасынан Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Мамбетжунус Абылов, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев үй камагына чыгарылган.