Биз социалдык тармакта

"Мугалимдердин аброюна шек келтирип...". Ак-Суу мектеп-интернатынын директору кызматтан алынды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязова ээлеген кызматынан бошотулду. Буга анын педагогикалык этиканы сактабаганы себеп болгон.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, апрель айында директор Жеңишкүл Ниязова педагогикалык этиканы сактабай мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган.
Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлдү.
18-апрелден тартып комиссиянын чечими менен “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязова ээлеген кызматынан бошотулган.
"Ошондой эле мектеп-интернаттын окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу, жөнгө салуу ишмердүүлүгү текшерилди" дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан