18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кореядан келген төрт "Тез жардам" унаасы тапшырылды. Расмий кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев жана аталган өлкөнүн “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.
ӨКМдан билдиргендей, унаалар Кыргызстан менен Кореядагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Ажикеев Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгына жана Кореянын “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө "Тез жардам" унаасы түрүндө көрсөтүлгөн техникалык жардам жана аларды Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.