Биз социалдык тармакта

"Таштандыларды кабыл алуучу жайда жашайт". Мэрия көчөдө бөтөлкө чогулткан бала боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде желим бөтөлкө чогултуп жүргөн баланын видеосу тараган. Бүгүн, 19-апрелде калаа мэриясы баланын жашоосу тууралуу түшүндүрмө берди.
Маалымдалгандай, бала Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашаары аныкталган. Дарекке барган учурда ал жерде Өзбекстан Республикасынын жарандары жашашкандыгы белгилүү болду.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.

Мындан тышкары, Өзбек жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү" деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Өзбекстан Республикасынын консулдугуна маалымат берүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан