Биз социалдык тармакта

ТИМ кыргызстандыктарды куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан Судан Республикасына барбай турууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, учурда Судан өлкөсүндө регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылыш уланууда.

"Тышкы иштер министрлиги кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз жарандарын аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Судандын аймагында учурда жашап жаткан Кыргызстандын жарандары катталбаганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан