УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында 5 миң адамга ооз ачар уюштурду.
Маалыматка ылайык, ооз ачар 19-апрелде өткөрүлгөн.
Ооз ачууга Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары да чакырылган. Ошондой эле ооз ачууга аймактагы энелер өзгөчө сыйлуу конок катары чакырылып, сый-тамак тартууланган.
Камчыбек Ташиев чогулган элге сөз сүйлөп, кирип келген Орозо айт майрамы менен куттуктады жана президент Садыр Жапаровдун саламын айткан.