Биз социалдык тармакта

"Жол маал-маалы менен жабылат". Боомдо 4 күн бою кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында 4 күн бою кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелден 28-апрелге чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Мекеме айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан