Эртең, 21-апрелде түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында жазылат.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жаан жаашы ыктымал, Талас жана Баткен жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус болот.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17.