Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда "Коопсуздук-2023" машыгуусу өтөт

Өлкө аймагында "Коопсуздук-2023" аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, учурда машыгууга даярдыктар жүрүп жатат. Машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында 25-апрелден 27-апрелге чейин өткөрүлөт.
Ага Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Ош облусунун Алай районунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун администрациясынын өкүлдөрү, ӨКМнын, ИИМдин жана УКМКнын аймактык бөлүктөрү катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан