"Манас" аэропортуна бара жаткандагы жолдо катталган кырсыктан улам бир окуучу оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Анын айтымында, учурда оор абалда жаткан бала жандандыруу бөлүмүндө. Ал эсине келе элек. Ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү үч бала палатага которулган.
Эске салсак, 20-апрелде "Манас" аэропортуна кетчү жолдо окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон.