Бишкек шаарындагы Ленская көчөсү капиталдык оңдоого даярдалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ленская көчөсүн капиталдык оңдоодон мурун чоң жана терең чуңкурлар толтурулуп, тегизделген.
Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейин бир чакырымга жакын жолдо оңдоо иштери аткарылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар убактылуу, мындан тышкары, жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык, жакынкы арада ирригацияларды тартуу менен көчөнү капиталдык оңдоо жана тротуар куруу иштери башталат.