Биз социалдык тармакта

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы эки айга камакта калды

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы эки айга камакта калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, анын бөгөт чарасы 20-апрелде каралып, сот аны 24-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Анын кармалуусуна Б.А. аттуу жарандын милицияга арыз жазганы себеп болгон. Ал арызында Разаков 1 миллион доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Ал кармалгандан кийин 24-февралга чейин камакка алынган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү 24-апрелге чейин узартылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан