Биз социалдык тармакта

"Айрым аймактарда жаан жаайт". 25-апрелге карата аба ырайы

Эртен, 25-апрелде өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми башка облустарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан