Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Бүгүн, 24-апрелде КФУнун аткаруу комитетинин жыйыны өтүп, күн тартибиндеги негизги маселелердин бири улуттук курама команданын башкы машыктыруучусун бекитүү болду. Жалпысынан 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучу кызматына эң ылайыктуу бешөө тандалды.
Жыйынтыгында КФУнун аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.
Тарковичтин башкы машыктыруучунун жардамчысы катары жетишкендиктери: "Bangkok Cup" Кубогунун жеңүүчүсү, 2018-жылдын марты;
"ЕВРО 2016" турниринде плей-оффко чыгуу;
Словакия курама командасын ФИФАнын рейтингиндеги эң жогорку орунга көтөрүлгөн (14-орун).
Башкы машыктыруучу катары "Евро-2020" турниринин финалдык бөлүгүнө чыккан.
Белгилей кетсек, Стефан Таркович 2022-жылдын июнь айына чейин Словакия курама командасын жетектеп келген. Андан кийин Словакиянын футбол союзу Тарковичти улуттук кураманын башкы машыктыруучулугунан бошотуу чечимин кабыл алган. Мунун себебин команданын канааттандырарлык эмес жыйынтыгы деп аташкан. Ал Улуттар Лигасында Казакстанга 1:0 эсебинде утулуп калгандан кийин башкы машыктыруучулук кызматынан бошотулган.