Өлкө аймагында бир жума ичинде 18 676 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 15-апрелден тартып, 21-апрелге чейин 18 676 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 186 айдоочу;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 52;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 53;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 291;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5 839;
- Авто ээнбаштык - 4;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 713;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 537;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 079 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.