Бишкекте март айынан бери кене чаккан 85 адам дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Алардын ичинен кене энцефалити катталган эмес. 16 адам иммуноглобулин алууга жөнөтүлгөн.
Алардын көпчүлүгүн тоолорго – Чоң-Кеминге, Ала-Арчага, Кегети капчыгайына жана башка жайларда эс алууга чыккан учурда чаккан.
Кене энцефалити – борбордук нерв системасынын негизги жабыркашы менен коштолгон курч кармаган инфекциялык вирустук жана сезондук оору.