Ажылык сапарга бара турган кыргызстандыктар эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, зыяратчылар 26-апрелден 8-майга чейин менингитке жана сасык тумоого каршы вакциналарды алышы керек. Ошол эле учурда коронавируска каршы эмдөөнүн сертификаты дагы талап кылынат.
Эске салсак, быйыл ажылык сапар июнда башталат. Сауд Арабия Кыргызстанга 6 миң 110 орун бөлүп берген.