Биз социалдык тармакта

Ошто 28 жаштагы футбол машыктыруучусу каза болду 

Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын 28 жаштагы машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан иш кабинетинде каза тапты. Мындай маалымат футбол академиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде 28 жаштагы досубуз жана кесиптешибиз, Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан кокусунан жүрөгү токтоп каза тапты. Ал токтоо, боорукер, коллективде жана окугандар арасында урмат-сыйга ээ болгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган жагдай боюнча Ош ШИИБи териштирүү иштерин баштаган. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан