Биз социалдык тармакта

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирип, шашылыш билдирүү таратты.

Маалымдалгандай, 25-апрелден 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусуна, 207-246 чакырымдарында Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайы;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусу.

Мындан улам көчкү жүрө турган тилкелерде унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан