Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Бул анын Кыргызстанга биринчи сапары. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Жанни Инфантино өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугушат.
ФИФАнын жетекчисинин президент менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, анын курулушу «FIFA Forward» программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган.
Жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.