Кыргызстандык “Алай” АФКнын Кубогунун тандап алуу баскычынан өтсө, мелдештин “D” тайпасынан орун алат

Кечээ, 11-декабрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында “АФКнын Кубогу-2013” мелдешинин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чүчү кулак таштоо аземине Ош шаарынын “Алай” командасынын өкүлдөрү Нурдин Сматов менен Сталбек уулу Медер катышып келишти.

Эске салсак, “АФКнын Кубогу-2013” мелдешинин финалдык баскычына жолдомо алуу үчүн “Алай” 2-февралда Палестинанын 2013-жылдагы чемпиону “Шабаб Аль-Дхария” менен оюн өткөрөт. Эгерде ал оюн “Алайдын” жеңиши менен аяктай турган болсо, анда Ош шаарынын клубу мелдештин “D” тайпасынан орун алат. Аталган тайпада учурда “Арбил” (Ирак), “Риффа” (Бахрейн) жана жакында аныкталуучу Иорданиянын чемпиону орун алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан