Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, курама команда 22-апрелден бери Ташкент шаарында Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Ал эми мелдеш 30-апрелден 14-майга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
Курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетечилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.