Бүгүн, 26-апрелде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власовдун беттеши болот. Күрөш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League турниринин алкагында болот.
Белгилүү болгондой, спорттук иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Ага Кыргызстан, Албания, Болгария, Иран, Куба, Монголия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн балбандар катышат. Байге фонду - 20 миллион рубль.
Турнирде Махмудовдон сырткары, бир катар кыргыз балбандары орусиялык спортчулар менен күч сынашат. Анда Жоломан Шаршенбеков жана Динислам Бамматов, Тайырбек Жумашбек менен Абасгаджи Магомедов, Үзүр Жузупбеков менен Артур Саргсян кездешет.