UFC уюмунун атактуу кыргызстандык мушкери Валентина Шевченко кыргыз балбаны Акжол Махмудовго орусиялык Роман Власов менен боло турган беттешине ийгилик каалады.
"Биздин чемпион Акжол Махмудовго "Поддубный" лигасынын алкагында өтө турган Роман Власовго каршы беттешине ийгилик каалайм. Алга, Кыргызстан!", - деди Шевченко.
Ошондой эле мушкер Самат Абдрахманов (Самат Кыргыз) жана рэпер Улукманапо дагы Акжол Махмудовго ийгилик каалашты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-апрелде Алматы шаарында Акжол Махмудов менен эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов күрөшөт. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.