Бүгүн, 26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Поддубный" лигасы өтүүдө.
Анда лиганын учурдагы чемпиону, кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков орусиялык Динислам Бамматов менен кез келип, атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербестен 7:2 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков "Поддубный" лигасында катары менен үчүнчү жеңишине ээ болду.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбековдун атаандашы учурдагы Орусия чемпиону.