Кыргыз балбаны түшүнүксүз жагдайда жеңилип калды

26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Поддубный" лигасы өттү.

Аталган лигага эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта катышкан Тайырбек Жумашбек уулу орусиялык Абасгаджи Магомедов менен кез келди.

Экинчи бөлүк башталганда орусиялык балбан 4:3 эсеби менен алдыда келе жаткан. Тайырбек Жумашбек уулу 2 упайлык ыкма жасап, далысы килемге тийди. Ошол учурда калыс эч кандай убакытты эсептебестен орусиялык балбанга жеңишти ыйгарып салды.

Буга залда отурган күйөрмандардын дээрлик бардыгы нааразы болду. Өз кезегинде алып баруучу бир нече ирет күйөрмандарды тынчтанууга чакырды. Турнир бир нече убакыт үзгүлтүккө учурады.

Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу учурдагы Азия чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан