Бүгүн, 26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Поддубный" лигасы өттү.
Аталган турнирдин негизги беттешинде эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов кез келди.
Биринчи бөлүктө Роман Власов активдүү күрөшкөнү үчүн 1 упай алса, экинчи бөлүктө ушундай эле упайды Акжол Махмудов алды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 1:1 болуп, Акжол Махмудов акыркы болуп упай алганы үчүн жеңүүчү аталды.
Акжол Махмудов өз сөзүндө бул беттешти дагы бир ирет өткөрүү керектигин айтып, Роман Власовго ыраазычылыгын билдирди.