Эки жолку Олимпиада чемпиону, атактуу орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудовдон жеңилгенден кийин билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө ал кетирген каталарын учурда машыктыруучусу менен талдап жатканын айтты.
"Биринчи кезекте колдогондордун бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Бул беттешке даярданып жатканда көптөгөн колдоолорду уктум. Бул беттеште мен колумдан келгенин жасадым, азыр эми машыктыруучум менен каталарды талдап жатабыз. Мен дээрлик бир жылдан ашык күрөшкөн жокмун, жолубуз уланат. Мен дагы күрөшүүгө даярмын. Партерден бир аз иштей албай калдым, эми эч кандай шылтоо жок", - деди Власов.
Кечээ, 26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Поддубный" лигасынын алкагында Акжол Махмудов Роман Власовду жеңип алган.