Канатбек Бегалиев спорттук камсыздоо башкармалыгына директор болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Бегалиев "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин жетектейт.
Белгилей кетсек, Канат Бегалиев 2008-жылы олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген. Ошондой эле Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу.