Ушул жылдын 22-майынан баштап, Оштон Орусиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалымдалгандай, каттамдарды жумасына бир жолу ата мекендик авиакомпания аткарып турат.
Буга чейин, 20-апрелден баштап Красноярск - Бишкек - Красноярск багыты боюнча жаңы каттам ачылган болчу.