Европа чемпиону күтүүсүздөн Эрназар Акматалиевге чакыруу таштады

Кечээ, 26-апрелде Алматыда өткөн "Поддубный" лигасында жеңишке жеткен дагестандык балбан Курбан Шираев жеңишинен кийин эле кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевге чакыруу таштады.

Бул маалда Эрназар Акматалиев залда отурган. Ал дароо эле килемге чыгып, дагестандык балбанды жеңиши менен куттуктап, анын чакыруусун кабыл алды.

Андан кийин алып баруучу эки балбандын көз карашын дуелин өткөрдү.

Курбан Шираев менен Эрназар Акматалиев "Поддубный" лигасынын кийинки турниринде күрөшүшү мүмкүн.

Курбан Шираев 2020-жылы Римде өткөн Европа чемпиондугунда 65 килограмм салмакта алтын байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kich20
2023-04-27 11:11:00
202 жылдан бери дегилечи
0
rafo80
2023-04-27 14:34:00
Вызов таштай беришет , жеңиле беришет . Себеби азыр Кыргыз балбандарынын рейтинги жогору турат . Аллах балбандарыбызга дагы да күч кубат берсин . Эрназар ийгилик каалайм сага.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан