Сөөгү жер төлөдөн табылды. Ноокатта 81 жаштагы аял киши колдуу каза болду 

Ош облусунун Ноокат районунда жер төлөдөн 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 26-апрелде саат 18:30 чамасында Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында кароосуз үй өрттөнүп, анын жер төлөсүндө аты-жөнү аныктала элек адамдын жансыз денеси табылганы Ноокат РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарланган.

Окуя болгон жерге Ноокат РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, өрт чыккан үйдүн жер төлөсүнөн табылган аты-жөнү аныктала элек жаран Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну киши колдуу каза болгондугу аныкталган. Маркумга соттук-медициналык экспертиза, соттук-биологиялык, соттук-криминалисттик экспертиза дайындалган.

Азыркы учурда өрттүн келип чыгышын аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалып, окуя болгон жердин айланасындагы күбөлөр суракка алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул оор кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар берилип, Ноокат РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан ыкчам текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан