Биз социалдык тармакта

"Бомба бар". Бишкектеги дагы бир мектепте адамдар эвакуацияланууда

Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиясынын айланасында жардыруучу зат бар делип окуучулар жана мугалимдер эвакуация болуп жатат. Маалыматты Свердлов РИИБинен тастыкташты.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Эске салсак, акыркы учурда билим берүү жайларында жардыруучу зат тууралуу жалган маалыматтар көп таркап жатканы кабарланып жатат. Буга байланыштуу бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков бомба боюнча жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан