Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сууга түшүп кеткен жүргүнчү изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымындагы Күйүк тилкесинен УАЗ үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Айдоочу өз алдынча унаадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калган.
Жерине издеп-куткаруу иштерине райондук №66 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган. Буга кошумча саат 12:40та Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, ИИМден 6 кызматкер издеп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.