Бишкек шаарынын айрым аймактарында 28-29-апрель күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айни - Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу, Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында убактылуу газ берилбейт.