28-апрелге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Бишкекте түнкүсүн 11…13, күндүз 29…31 градус жылуу болот.