Ош шаарында атайын орто билим берүү мекемесинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин тергөө кызматына аталган окуу жайдын студенттери мугалимдер акча талап кылып жаткандыгын айтып, аларга карата чара колдонуу арызы менен кайрылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схема аныкталган.
"Мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын окуу жайдын айрым кызматкерлери өз кызыкчылыктарына жумшоо максатында өз ара бөлүшүп алышмакчы болушкан.
Мугалимдердин бири окуу жайдын айланасынан пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан белги түшүрүлгөн 6 миң сом табылган. Көчөдөн кармалган экинчи мугалимдин жанынан 13 миң 500 сом чыкты. Мындан тышкары, ортомчу болуп жүргөн студенттин жанынан белгиси бар 5 миң сом табылган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле алардын айрымдары мыйзамсыз алынган акчаны өз ара бөлүштүрүп алгандан кийин кармалгандыгы кабарланды. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан колледждин директорунун орун басары кармалып, тинтүү учурунда сумкасынан 2 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.
Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.