Парадзюдо боюнча курама команда Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, парадзюдо боюнча курама команданын мүчөлөрү 1 алтын, 4 коло медаль жеңген.

Кыз-келиндер арасында 48 килограмм салмак категориясында катышкан Хайитхон Хусан кызы финалдык беттеште өзбекстандык спортчу Фотима Тоирова менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңген.

Ал эми спортчу Регина Саламатова 48 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду.

Эркектер арасында 60 килограмм салмак категориясында Алихан Жумагулов , Темирлан Абдукаримов, 73 килограмм салмакта Маматибрагим Сурановдор коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, 26-апрель күнү башталган чемпионат 1-майда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан