Казакстандын Атырау шаарында өткөн "Алтын Ордо" эл аралык мелдешинде жаа атуу боюнча Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, Ынтымак Мурадил уулу 70 метр аралыкта жаа атуу боюнча катышты.
26-29-апрель күндөрү өткөн эл аралык мелдешке жалпы 11 мамлекеттен 130дан ашык спортчу катышкан.