Бишкектин айрым жерлеринде 2-майда суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, суу саат 10:00дөн 23:00гө чейин болбойт.
"Таза суу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын астыңкы бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1 менен Улан-2 кичи райондору жана Көк-Жар жаңы конушунда берилбейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул күнү 11-кичи райондогу суу өткөргүчтү оңдоо иштери жүрөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.