Биз социалдык тармакта

Бишкек-Москва багыты боюнча кошумча аба каттам ачылды

Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча кошумча аба каттамы ачылды. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунда аталган багыт боюнча биринчи туруктуу каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.
Каттамды "Аэро Номад" авиакомпаниясы жумасына эки жолу - шаршемби жана жума күндөрү "Внуково" аэропортуна аткарат.
Маалымат катары: Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан