Кечээ, 30-апрелде саат 10:30 чамасында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталды. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.
Маалымдалгандай, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда орун алган кырсыкта Хонда Стэпвагон унаасы менен Лексус 470 унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында Лексус унаасы оодарылып кеткен. Бирок анын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.
Ал эми Хонда унаасынын айдоочусу Чолпон-Ата шаарынын Б.А. аттуу жашоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми Лексус унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын Т.К. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.