Биз социалдык тармакта

2 миңге жакын адам катышты. Ошто майрамга карата жөө жүрүш өттү (сүрөт)

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата жөө жүрүш өттү. Ага калаадагы муниципалдык мекеме, ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттары катышты.
Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү. Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланды.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага 2000ге жакын адам катышты.
Эске салсак, майрам расмий түрдө алгачкы жолу 1917-жылы белгиленген. Кыргызстанда 1-Май майрамы алгачкы жолу 1919-жылы Пишпек шаарында өткөн. Бүгүнкү күндө майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.
Ошто майрамга карата жөө жүрүш өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан