Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бүгүн, 2-майда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Саат 10:00дөн 23:00гө чейин 11-кичи райондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичи райондору, Көк-Жар конушу менен чектешкен аймакта суу болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан