Бишкекте турак үйдөн түнү өрт чыгып, таң эрте өчүрүлдү (фото)

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"2-май түнү Свердлов районундагы Төрөкул Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 03:05 те Свердлов райондук №3 өрткө каршы бөлүктөн 2, 03:10до Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо саат 04:15те чектөөгө алынып, 06:41де толук өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан