Таластагы мал базарда мамыга байланган чөнтөкчүнүн шериги кармалды 

Талас районундагы мал базарда мамыга байланган чөктөкчүнүн шериги кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Талас районундагы мал базарда уурулук кылган чөнтөкчүнүн шериги кармалды. Ал Талас районунун 1981-жылы туулган И.А. аттуу тургуну экени аныкталып, окуя болгон күнү, тагыраагы, 30-апрелде Бишкек шаарынан Талас РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тийиштүүлүгү бар же жоктугу боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Алар экөө тең буга чейин соттолгон. Бүгүнкү күндө шектүүлөр Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 30-апрелде Талас районундагы мал базарда Кара-Буура районунун эки тургуну акчасын уурдатып, милицияга арыз менен кайрылган. Кийин чөнтөкчү кармалып, эл аны мал базардын батыш тарабындагы мамыга байлап салышкан.

Текшерүү учурунда мамыга байланган жаран алгач өзүн Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган. Бирок кийин анын Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Шектүүнүн жанынан жалпы 35 200 сом табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан