Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасынын курулушу жүргүзүлүп жатат. Калаа мэриясы берген маалыматка ылайык, жаңы аянтча эки автономдуу бөлүктөн турат.
Тиешелүү спорттун түрлөрү: футбол жана баскетбол үчүн аянтчалары жабдылган. Ошондой эле, воркаут зоналары, балдар аянтчасы, чуркоо үчүн аянтча, унаа токтотуучу жай, тротуарлар, аймакты жашылдандыруу каралган.
Спорт аянтчасынын жалпы аянты 0,8373 гектар. Учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.