Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш кечээ, 1-майда башталган. Турнир Улуу жеңиш күнүнө арналып уюштурулган.
Спорттук иш-чара Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында өтүүдө. Ага жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда катышып жатат.
Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 9-майга чейин уланат. Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт.