Биз социалдык тармакта

Жапаров: "Бизде адам укуктары менен сөз эркиндигин коргоо биринчи орунда турат"

Бүгүн, 5-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон өлкө жетекчилери, бийлик өкүлдөрү жана саясий-коомдук ишмерлер катышууда.

Өлкө башчы өз сөзүндө баш мыйзамдын жаратмандык дарамети чектелбээрин, ал зарыл болгон социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка шарт-жагдайлардын жаралышына жараша улам жаңы кырынан ачыла берерин айтты.

"Өлкөбүздүн келечеги кең экенине бекем ишенем. Биз бирдиктуу болуп, ынтымакта аракет кылсак албан-албан ийгиликтерге жетебиз. Биздин күчүбүз ынтымакта. Өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды. Бизде адам укуктары менен сөз эркиндигин коргоо биринчи орунда турат",- деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан