Биз социалдык тармакта

"Кол саат, "Манас" ордени". Садыр Жапаров бир катар кызматкерлерге сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда улуттук филармонияда Конституция күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарада бир катар мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык тапшырды.

Сыйлык алгандардын тизмеси:

⁃ Үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен:

Мурат Укушев - президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

⁃ “Эмгек сиңирген юрист” ардак наамы менен:

Карыбек Дүйшеев - Конституциялык соттун төрагасынын орун басары;

Латип Жумабаев - Конституциялык соттун судьясы;

- Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен:

Меергул Бобукеева - Конституциялык соттун судьясы;

- Президенттин алкыш баракчасы менен сыйлангандар:

Чыңгыз Шергазиев жана Максат Түлөбалиев;

- Президенттин энчилүү сааты менен:

Асел Асанкожоева - Конституциялык соттун башкармалыгынын адиси сыйланды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганын 30 жылдыгы белгиленип жатат.

Садыр Жапаров бир катар кызматкерлерге сыйлык тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан